Биз жөнүндө

Мектеп жөнүндө

Жаңы-Арык айылында 2234 калк жашайт,мектеп жашындагы балдардын саны 550. Мектеп 150 окуучуга ылайыкталган болсо дагы,азыркы учурда 323 окуучу, 22 даярдоо класстардын окуучулары окуп жатат. Калган 200 балдар 5 км аралыктагы Каракол шаарына барып келип окушат. Сеит Кульматов атындагы Жаңы-Арык жалпы орто билим берүү мектебинин биринчи корпусу 1978-жылы курулган.2010-жылы капиталдык ремонт башталып,2012-жылы бүткөн. 2-корпусу 1947-жылы курулуп бүткөн,капиталдык ремонту 2006-жылы башталып,2008-жылы бүткөн. Мектептин 3-корпусу авариялык абалда Класс  кабинеттер  аз  жана  тар болгондуктан, окуучулардын   билим сапатына  терс таасирин  тийгизүүдө .Окуучулардын дене тарбия сабагын өтүү үчүн спорт зал болбогондуктан предметти өтүүдө көп кыйынчылыктарга дуушар болудабыз.  Кышында, күн жааган учурда окуучулар спорт оюндарын ойной  албай калышат.

Азыркы убакта мезгилдин талабына ылайык 1-4-класстын окуучулары ысык тамак ичүүдө. Ал эми Сеит Кульматов атындагы Жаңы-Арык жалпы орто билим берүү мектебинин    1-4-класстын окуучуларына ысык тамак ичүүгө мектептин  бир классы ашканага мугалимдер жааматынын,ата-энелердин жана Кара-Жал айыл өкмөтүнүн жардамы менен  ылайыкталып жасалып, 2017-жылдын 17-апрелинен баштап ысык тамак ичип жатышат.Класс кабинетине китепкана жайгашкан.   1990-жылы  жаңы мектеп курууга айылдын ортосунан котлаван казылып,ошол бойдон калып калган.2017-жылдын апрель айында ошол казылган жереге Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан  каржыланып,азыркы учурда  эки этаж заманбап мектеп пайдаланууга берилгени турат.

Учурда эски мектепте окуучулар  2-сменде окуп жатышат. Сабактан кийин кружокторду,кошумча сабактарды өтүүгө класстар бош эмес. Ошол себептүү ишемби кундөрү  кружок иштери жүргүзүлөт.

 

Мектеп жетекчилери.

1991-жылга чейин Иманалиев Кадыр

1991-93-жж.     Шаршембиев Кусейин

1994-95-жж.     Барктабасов Эсенгул

1995-99-жж.     Өскөмбаева Гуля

1999-2000-жж. Барктабасов Эсенгул

2000-2001-жж. Өскөмбаева Гуля

2002-2003-жж.  Арыков Б.

2003-2008-жж.  Урмамбетова Салый

2008-2010-жж.   Карыбаев Акылбек

2010-2015-жж.   Шамыратова Сагынбүбү

2015-2019-жж.   Омукеева Гүлмира

2019-ж.                Сүйүндүкова Ч.С.

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин миссиясы:

Сеит Кульматов атындагы Жаңы-Арык жалпы  орто билим берүү мектеби жалпы билим берүүчү мекеме  болуу менен  бирге, башталгыч,  негизги жана жалпы билим берүүгө багытталат.  Ата-энелер, коомчулук менен тыгыз  байланышта иштөө менен,  азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө,  жөндөмдүү жашоодо өз ордун  таба билген ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.

 

Мектептин максаты:  

Окутуунун жаңы технологияларына таянып,  мугалимдердин профессионалдык билимин  текшерүү  менен мектептин материалдык-техникалык базасын  чындоо жана окуучуларга кошумча сабактарды өтүү, ата-энелерди окуу процессине тартуу менен социалдык өнөктөштүк аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу.