Новости

«Окуу керемет»долбоорунун алкагында өткөн «Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз» сынагына мектептен Кубанычбекова Айдай Кубанычбековна 5-б класстын окуучулары Турганбекова Назик Руслановна, Асанканова Зуура Руслановна менен катышып, райондук турдан өтүп, 06.07.2023-жылы областтык турдан 1-орунду ээлегендиги үчүн Грамота жана сертификат, китептер менен сыйланышты. Колдоо көрсөткөн ата-энелерине терең ыраазычылык билдиребиз!
24.07.2023 39
«МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫН СЛЕТУ» 2023-жылдын 29-июнунда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү борборунун демилгеси менен 11-классты бүтүп жаткан мыкты окуучулардын жана республикалык, облустук ар кандай конкурстардын жеӊүүчүлөрүнүн, катышуусунда «Мыкты окуучулардын слету» өткөрүлдү. Иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы, башчынын орун басары, ардагер мугалим, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздар комитетинин төрагасы, ошондой […]
24.07.2023 36
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Силер баардыгынар айылдык балдарсынар.Ал эми силер болсо айылдын эн жакшы мектебинен окуп бутуп жатасынар.Саналуу күндөрдөн кийин ,көпчүлугүнөр чон-чон шаарларга аттанасынар. Ар киминер жөндөмүнөргө жараша турмушта чон-чон кызматтарды аркалайсынар. Чынчыл адилеттүү, күчтүү жана эрктүү болгула!Темирчилер темирди дагы катуу болсун деп алгач чокко салып ысытып,анан балка менен жанчып,кайра сууга салышат.Силер да ар дайым эрктүү болууга […]
24.07.2023 37
Өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамендерин тапшыра баштады. Бүгүн белгиленген программа боюнча 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабияты предметинен эссе, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү математика (алгебра) сабагынан комплекстүү тест (жазуу түрүндө) тапшырышууда.
24.07.2023 36
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация тарабынан областтык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаттуу аземи болуп, биздин мектептин Орус тили жана адабияты мугалими Чегирткеева Аида Мединовна 10-класстын окуучусу Райымбекова Айтурган Райымбековна менен биргеликте катышып келишти. Атайын Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Аида эжейге жана Айтурганга ийгиликтерди каалап, келээрки жылы республикалык деңгээлге чыгышына тилектешпиз.
24.07.2023 33
Бүгүн мектепте Облусттук билим берүү бөлүмүнө өз билимин өркүндөтүү боюнча курстан өтүп келишкен Маймурунова Тамара Кайкыевна “Окуп түшүнүү стратегиясы” деген темада жана Кыдыкова Нурзада Замирбековна “Педагогдун баалуулуктары”деген темада жогорку деңгээлдеги семинар өтүштү.
24.07.2023 34
3-апрелден 29-апрелге чейин мектептин Эстетика усулдук бирикмесинин айлыгы жарыяланып, иш жүргүзүлдү. Айлыктын соңунда Эстетика усулдук бирикмесинин жетекчиси Шыгаева Бактынүл Койчумановна бирикменин мүчөлөрү менен биргеликте жогорку деңгээлдеги семинар өтүштү. Айлыктын өтүшүн пед. коллектив “Эң жакшы” деп баалашты.
24.07.2023 30
23-апрель -Эл аралык китеп күнүнө карата 4-11-класстардын окуучуларынын катышуусунда «Китеп адам үчүн ажайып дүйнө ачат» деген темада китепканачы Калметова Гульжан тарабынан даярдалган адабий кече болуп өттү. Бул адабий кечеде Чынгыз Айтматовдун 95жылдыгын эске алуу менен, чыгармаларынан китеп парады уюшулуп жана ошондой эле «Баарынан эмне таттуу» деген темада куурчак театры жогорку деңгээлде болуп өттү.
24.07.2023 51
2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышканы турат. Бул иш-чараны утурлай биздин мектепте «PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз» аттуу мугалимдер үчүн семинар мектеп директору Сүйүндүкова Чынара Саяковна тарабынан өтүлдү. PISA тапшырмаларынан “Эсеп-дүмүрчөк” тестти иштетилди. PISA ДЕГЕН ЭМНЕ? Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Programme for International Student Assessment). PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы […]
24.07.2023 29
2023-жылдын 11-апрелинде мектепте “Ай-Данек” усулдук бирикмесинин мугалимдери тарабынан “Башталгыч класстарда математиканы окутуу” деген темада семинар өткөрүлдү. Мугалимдер үч топко бөлүнүп, атайын тапшырмаларды аткарышты. Мугалимдер активдүү катышып, семинар максатына жетти. ”Ай-Данек” УБнын мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз!
11.04.2023 44
Бүгүн 6.04.2023-жыл мектепте “Алкыш сага Алиппе” аттуу Алиппе майрамына арналган 1-а,1-б класстардын тарбиялык сааты жогорку деңгээлде өтүлдү. -Кымбаттуу коноктор, ардактуу ата-энелер, урматтуу мугалимдер! Бүгүнкү Алиппе майрамынан сиздер кече эле мектеп босогосун аттап, калем кармай албай келген окуучулардын өнөрлөрүнө күбө болдунуздар. Биздин максатыбыз: шар окуганга, сулуу, сабаттуу жазганга жетишүү, чыгармачылыгыбызды мындан аары да өстүрүү. Бүгүнкү майрамга […]
06.04.2023 40
Мектепке айылдын тургуну, «Менин мектебим» долбоорунун координатору Исмаилов Азамат Турдукеевич окуучулар үчүн 3 футбол, 3баскетбол, 3волейбол топторун жана Гапыр Мадаминовдун АЭМ китептерин (8китеп) белекке берди. Азамат агайыбызга жалпы жамааттын атынан жана окуучулардын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
06.04.2023 62
1 / 3123