Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

2022-2023— окуу жылына балдарды биринчи класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкү графикке ылайык жүргүзүлөт:

  • 11-апрелден саат 09:00 27-июнга чейин саат 08:59га чейин —юридикалык жашаган жери боюнча.
  • 27-июндан саат 09:00дөн баштап 10-августка саат 10:00гө чейин— чыныгы жашаган жери боюнча.

Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбособаланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!

 2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

  • паспорт;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • жеке идентификациялык номер (ЖИН — ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу керек.
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

  • үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;
  • тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;
  • үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

2022-жылдын 11-апрелине чейин аскер кызматкерлерикайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздармугалимдер жана мектеп кызматкерлери баланы мектепке каттоо учурга карата жогоруда аталган документтерге кошумча иштеген жеринен маалымкат (справка) даярдашы керек.

Ата — энемыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийинучурдагы жылдын 1 — августунан баштап                       10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:

  • мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелерининмыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
  • баланын жана ата-энелерининмыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана                             ата-энелерининмыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;
  • ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
  • алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);
  • баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

1 — августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт