Осконбаев Адилет Сыдыкбекович

Мен Өскөнбаев Адилет Сыдыкбекович 2000-жылы Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулган.

Каракол шаарындагы 4-гимназия мектебинде окуп ошол эле мектепти  2018- жылы ийгиликтүү аяктап, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине  Тапшырып аталган окуу жайдын филология факультетин 2022- жылы жетишкендиктер менен аяктаган.

Студент кезинде  «Дидар» жаштар клубун негиздеп Каракол шаарынын жаштарын ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылган.

2019- жылы «Brend»  жаштар клубунун бир жылдык окуусун аяктап практикасын  КРнын Жогорку кеңешинде аяктаган.

«Каракол кайрыктары» адабий клубунун мүчөсү болуп жүрүп өзүнун  алгачкы ыр жыйнагын «Бермет шоокумдар» деген аталыш менен жарыкка чыгарган.

Учурда котормо жаатында да калемин  сынап келет.    Азыркы тапта Жаңы-Арык айылындагы С. Кулматов орто мектебинде Кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалимдик кесипти аркалап жатат.