Шыгаева Бактыгүл Койчумановна

Соц.педагог

Шыгаева  Бактыгүл  Койчумановна  —1968 –жылы ,12-августа Нарын облусунун Ат- Баши районунун , Ат-Башы айылында  төрөлгөн .1975-жылдан 1985 жылга чейин Ат-Башы  айылынын  №2 Ленин атындагы орто мектепте окуп, ийгиликтүү аяктаган. 1985 жылы Пржевальск шаарындагы педагогикалык  институтун көркөм графика  факультетине  өтүп, 1990 – жылы аяктаган. “Сүрөт, чийуү, эмгек мугалими”  деген адистиги боюнча диплом алган. 1990-жылдан 1992 –жылга чейин Каракол  шаарындагы №11 Горький атындагы мектеп –гимназиясында эмгектенген.  1992-1993 – жылдары Каракол шаарынданы№ 14 мектепте эмгектенген. 1997- жылдан баштап Ак –Суу районунун Жаңы-Арык  орто мектебинде   көркөм өнөр, эмгек  мугалими болуп эмгектенип  келүүдө.Сеит Кульматов атындагы Жаңы-Арык жалпы орто билим берүу мектебинде  социалдык  педагог, көркөм  өнөр , технология ,музыка  мугалими, “Өнөрчу”  ийриминин жетекчиси  болуп  эмгектенүудө.

Үй бүлөлүү  4 баланын энеси.

 Жетишкендиктери:Облустук , райондук админстрациянын, райОНОнун, айыл өкмөтунун грамоталары. Билим Берүү  Министрлигинин , Ички Иштер  Министрлигинин“  Ардак  грамотасы” , “Кыргыз  Республикасынын билим берүү  отличниги” төш  белгинин ээси.

Максаты:  “ Окуучуларга жаны  технологияларды  колдонуп  сапатуу билим берүү  менен бирге  алардын руханий дүйнөсүн байытуу”