Бүтүрүүчүлөргө күбөлүк, аттестат тапшыруу аземи!
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Силер баардыгынар айылдык балдарсынар.Ал эми силер болсо айылдын эн жакшы мектебинен окуп бутуп жатасынар.Саналуу күндөрдөн кийин ,көпчүлугүнөр чон-чон шаарларга аттанасынар. Ар киминер жөндөмүнөргө жараша турмушта чон-чон кызматтарды аркалайсынар. Чынчыл адилеттүү, күчтүү жана эрктүү болгула!Темирчилер темирди дагы катуу болсун деп алгач чокко салып ысытып,анан балка менен жанчып,кайра сууга салышат.Силер да ар дайым эрктүү болууга тырышкыла. Анын үстүнөн талыкпай машыккыла.Эрк жана адеп –ахлагынардын тизгинин эч качан бош кое бербегиле. Өзүнөрдү жөнөкөй ишке арнабагыла.Дайыма кыйын иштердин каарманы болгула! Класс жетекчинердин жүзүнөн өөп,кучактап,ак батасын алып,чон жолго сапар алгыла! Окууну бүткон соң сөзсүз түрдө окууга тапшыргыла. Студенттик доорду сүргүлө. Россия же башка жактарга иштеп кетпегиле! Эки-уч жылда миллион таап, эки күндө жеп коесунар. Билими кучтүүлөр ар дайым күчтүү болот.Сөзсүз окугула. Ал эми кыздарга айтаарым,ата-эненердин сөзүн угуп,ыймандуу,билимдүү, кыздардан болгула!
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Сиздер мына бугүндөн баштап, турмуштун даңгыр жолуна түшүп жатасынар.Ушул жолдо эч качан майтарылбай, көздөгөн чон максаттарынарга жетүүңөргө тилектешмин.Бүгүн силер мектеп босогосу менен, силерди окуткан мугалимдер менен гана коштошпостон, аёо сезим балалыгынар менен да коштошуп жатасынар.
Убакыт деген зымырык куш,мындан 11 жыл мурун ак бантик тагынып алып, апанардын колунан бекем кармап,энтелеп жүрөктөгү кубаныч менен ушул мектептин ак босогосун аттагансынар. Мына бүгүн мезгил келип,11жыл билим алган алтын жылуу уянардан канат кагып,күүлөнүп,ар киминер ар кай жактарга учканы турасынар.
Мугалимдин талыкпай берген билимин,татыктуу тарбиясын, ата-эненердин ак мээнетин актаган,эл учун кызмат кылган,эл керегине жараган атуулдардан болушунарга тилектешмин. Байкабай кетирген кемчиликти, жосунсуз жорукту,силерге жакпаган адатты жокко чыгаргыла!
Сөзүмдүн акырында :
Илим менен билимге гана сугарылган илимпоз аалым болгула!
Турмуштун дангыр жолуна аттанып жаткан сапарынар байсалдуу болсун!-мектеп директору Сүйүндүкова Чынара Саяковна.
Комментарии