«МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫН СЛЕТУ»
«МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫН СЛЕТУ»
2023-жылдын 29-июнунда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү борборунун демилгеси менен 11-классты бүтүп жаткан мыкты окуучулардын жана республикалык, облустук ар кандай конкурстардын жеӊүүчүлөрүнүн, катышуусунда «Мыкты окуучулардын слету» өткөрүлдү. Иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы, башчынын орун басары, ардагер мугалим, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздар комитетинин төрагасы, ошондой эле жалпысынан 200гө жакын окуучулар, мектеп директорлору, ата-энелер катышты. Билимдүүгө дүйнө жарык”, “Билим кимде болсо — билик болоор” деп улуу инсаныбыз Жусуп Баласагын өз кезегинде белгилегендей быйылкы окуу жылында жалпы район боюнча 787 окуучу 11-классты аяктап жатат, анын ичинен жалаӊ “5” деген баа менен 87 окуучу аяктады.Алардын ичинде биздин мыкты бүтүрүүчүбүз Абдылдаева Сезим Бахтияровна да бар.Сезимдин мындан аркы жолу шыдыр болсун!
Комментарии