PISA ДЕГЕН ЭМНЕ?
2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышканы турат.
Бул иш-чараны утурлай биздин мектепте «PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз» аттуу мугалимдер үчүн семинар мектеп директору Сүйүндүкова Чынара Саяковна тарабынан өтүлдү. PISA тапшырмаларынан “Эсеп-дүмүрчөк” тестти иштетилди.
PISA ДЕГЕН ЭМНЕ?
Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Programme for International Student Assessment).
PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал «15- жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин ар түрдүү сферасынын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет. Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу
ишке ашырылат.
Үч жылдык цикл менен өткөрүлгөн бул изилдөө 2000-жылдан бери
жүргүзүлөт.
Ар бир жылы PISA изилдөөсүн жүргүзгөндө, сабаттуулуктун бир
түрүнө: окурмандык, математикалык же табигый илимдер боюнча акцент жасалат.
Комментарии